Билл Гейтс камактагы адамды мактады

28-Ноя. 2017, Шейшемби, 16:02

Дүйнөдөгү байлардын бири, “Microsoft” корпорациясын негиздеген Билл Гейтс Сауд Арабиядагы паракорчулук операциясында камакка алынган ишкер Аль-Валид ибн Талал Аль Сауд боюнча айтты. Анда ал маанилүү өнөктөшү экенин, фондуна олуттуу салым кошконун билдирди. Бул тууралуу “Bloomberg News” порталына кабар жарыяланды.

“Маалымат каражаттарына чыккан кабарларды окудум. Принц Аль-Валид ибн Талал фондумдун маанилүү өнөктөшү эле. Фонд дүйнөдө балдардын саламаттыгы үчүн кызмат көрсөтөт. Эмдөөлөрдү жайылтууну көздөйт. Шал жана кызамык сыяктуу дарттардын жайылышына бөгөт кою максатында биргеликте иштедик. Анын кайрымдуулугу башкаларга дем берчү”,-деди миллионер.

Сауд Арабиядагы байлардын бири Аль-Валид ибн Талал ушул айдын башында өлкөдө жүргүзүлгөн паракорчулук операциясынын алкагында ондогон принц жана мамлекеттик жогорку кызматтагылар менен бирге камалган. Эл аралык аренада таанымал Аль-Валид ибн Талалдын “Citigroup Inc” жана “Twitter” сыяктуу ири ишканаларда акциялары бар.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!