Мейманканага камалгандар кун төлөшүүдө

29-Ноя. 2017, Шаршемби, 16:31

Сауд Арабияда 4-ноябрда башталган паракорчулук сурагынын алкагында камакка алынгандардын бири принц Мутаиб ибн Абдулла Аль Сауд 1 миллиард доллар төлөгөндөн кийин бошотулганы айтылууда.

Саудиянын мурдагы королу Абдалла ибн Абдул-Азиз Аль Сауддун уулу принц ибн Абдулла паракорчулук боюнча коюлган айыптарды мойнуна алган.

Камактагы принц, ишкерлер жана жогорку кызматтагылар байлыктарынан баш тартса бошотулары, бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымат каражаттары жазган. Суракты баштаган мураскер принц Мухаммед ибн Салман Аль Сауд да мындай сүйлөшүүлөргө катышканы маалымдалып жаткан.

Паракорчулук операциясынын алкагында королдуктун үй-бүлөсүнө тиешелүү адамдарды кошкондо 200 киши Риаддагы “Ritz Carlton” мейманканасына камалган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!