Чили: Грей мөңгүсүндөгү табышмак

30-Ноя. 2017, Бейшемби, 10:44

Чилиде Грей мөңгүсүнөн ири айсберг бөлүндү. Торрес-дель-Пайн паркынын кызматкерлери бул сейрек көрүнүштү климаттык өзгөрүүлөргө байланыштырды.

Парк кызматкери Майкл Аркос “Айсбергдин бөлүнүшү дайымкы процесс болгону менен акыркы кезде көп боло баштады. Бул климаттагы өзгөрүүлөргө байланыштуу”,-деди.

Грей мөңгүсүнүн бийиктиги 30 метр. Андан бөлүнгөн айсбергдин көлөмү футбол талаасынан чоң.

Торрес-дель-Пайне – Чилидеги белгилүү туристтик жайлардын бири. Бул жерден муздарды, тоолорду, көлдөрдү, тундраларды көрүүгө болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!