Иса пайгамбардын мазары табылды

30-Ноя. 2017, Бейшемби, 11:43

Иса Пайгамбар крестке керилген дөбөнүн үстүнө курулган делген ыйык чиркөөнүн түбүнөн Иса пайгамбарга тиешелүү экендиги болжолдонгон мазар табылды. Христиандар чоң ачылышка күбө болуп, бул жердерди Исанын күмбөзү деп эсептешүүдө.

Заманбап илимдин негизинде археологдор доордогу чоң ачылыш жасады. Илимий далилдер бул жак ыйык жай экенин дагы бир ирет тастыктады. Анткени буга чейин чиркөө зизлаларага, Рим заманындагы талоончулукка туруштук берип, калыбында калган.

Кылымдардан бери белгисиз болуп, өткөн жылы ачылган мазар топурактан тазаланган. Андан табылган криссталдар изилденген.

Иерусалимден Кир Симмонстун кабарлаганына караганда 2 миң жыл бою бул жак христиан ишениминде, тарыхында ыйык жай катары эсептелген. “Илим бир топ адамдардын ишенимин дагы бир ирет тастыктагандай болду. Жаңы табылгалар Исанын сөөгү экенин далилдей элек. Бирок туура жерди көрсөтүп жатканы белгилүү. Ким билет. Балким ал жакта башка нерсе болушу мүмкүн. Изилдөөнүн кийинки этабында мазардан топтолгон маалыматтар тыкыр иликтенет. Билим жана дин бир топ суроого жооп издөө үчүн биргеликте киришти”,-деди ал.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!