Европа биримдиги: Буга далил жок!

30-Ноя. 2017, Бейшемби, 17:07

Европа биримдиги (ЕБ) Гүлен түзүлүшүн террордук уюм катары кабылдаган Түркия менен бирдей көз карашта эместигин, бул ойлорду өзгөртүүгө “бекем” далил сунуштоого муктаждык бар экенин белгиледи.

“Deutsche Welle” түрк кызматынын кабарына ылайык ЕБдин террорчулук менен күрөшүү боюнча координатору Гиллес Де Керхов “Reuters” агенттигине берген маегинде темага байланыштуу ойлорун билдирген. Айткандарында Гүлен түзүлүшүнө түрк өкмөтүнүн берген ысым же “F…”кыскартуу белгисин колдонгон. “Биз F…ны террордук уюм катары эсептебейбиз. ЕБ мындай позициясын жакынкы келечекте өзгөртөт деп ойлобойм”,-деген ал.

“ByLock” программасы жетиштүү далил эмес”

15-июль төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда “ByLock” мобилдик тиркемесин пайдаланганы үчүн кармалган кишилерге токтолгон Де Керхов “Бир эле тиркеменин түшүрүлгөнү сыяктуу экинчи даражада мааниге ээ далилдерден тышкары бул адамдардын окуяга тиешесин көрсөткөн конкреттүү, бекем маалыматтарга муктаждык бар”,-деди.

2016-жылдын 15-июлунан бери Түркияда мугалим, полиция кызматкерлери жана журналисттерден турган 50 миңге жакын адам Гүлен кыймылына байланышы бар деген негизде камакка алынган. 150 миң адам кызматынан бошотулган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!