Император тактыдан түшөт

1-Дек. 2017, Жума, 14:15

Япониянын императору Акихито 2019-жылдын 30-апрелинде тактысын тапшыра турган болду. Ал ордун улуу баласы, мураскер принц Нарухитого бошотот. Бул туурасында Япониянын премьер-министр Синдзо Абэ 1-декабрда жарыялады.

Бул күндү императордун үй-бүлө иштери боюнча атайын комиссия аныктады.

Японияда жайында императордун тактыдан баш тартууга укугу болгон мыйзам күчүнө кирген. Акыркы 200 жылдан бери мындай учур катталган эмес. Императорлор өздөрүнүн титулун өмүрүнүн акырына чейин сактап келген.

83 жаштагы Акихито беш жыл мурда жүрөгүнөн операция болгон. Учурда рак дартына байланыштуу дарыланууда. Жаш курагы жана саламаттыгына байланыштуу тактысынан баш тартарын өткөн жылы билдирген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!