100 миллион адам селде калуу коркунучунда

1-Дек. 2017, Жума, 15:50

Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук агенттиктин иликтөөсүндө жамгырлуу мезгилди башынан өткөргөн Индонзияда 60 миллион адам сел, 40 миллион адам жер көчкү коркунучу бар жерлерде жашап жатканы жазылган.

Кооптуу аймактар алдына алуу иштерине даярдык көрүүсү керектигин белгилеген агенттик нөшөрлөр үч айга чейин уланарын эскерткен.

Жалпы өлкө боюнча ноябрь айынан бери жамгырдан улам 545 жер көчкү болсо, андан баш калкалаган жайларга кошумча тамак-аштар жеткирилүүдө.

Бороондон көз жумгандардын саны 27ге жетти

Жетекчилер Ява аралындагы “Cempaka” ураганынан, жер көчкүлөрдөн 18, селдерден 9 адам көз жумганын билдирди.

Тропикалык климатка ээ жана муссон жамгырларынын таасири астындагы 256 миллион калкы бар Индонезияда өзгөчө сентябрь-март айларында жамгыр ашыкча жаайт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!