Ири мунай кору табылды

1-Дек. 2017, Жума, 16:22

Кытайдын “PetroChina” нефтегаз компаниясы өлкөнүн түндүк-батышынан ири мунай корун тапты.

“Синьхуа” агенттиги компаниянын Синцзян-Уйгур автономиялык аймагындагы филиалынын билдиргенине караганда кендин кору 1,24 миллиард тоннага жетерин жазды. Алардын 520 миллион тоннасы так далилденген.

“PetroChina” ишканасынын геологу Тан Юн бул райондон мунайдын 1 миллиард тоннага жакын корун ачууга шарттар бар экенин айтты.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!