​Жерге көмөрдө тирилип кетти

2-Дек. 2017, Ишемби, 14:30

Индияда убактысынан эрте жарык дүйнөгө келген эгиздерди "чарчап калды" деп ата-энесине беришкен. Кийин үй-бүлөсү тарабынан наристелер жерге берилер алдында ымыркайлардын бирөө кыймылга келген.

“Hürriyet” гезитинин NDTVга таянып берген маалыматына караганда, Нью-Делидеги ооруканалардын биринде убактысынан эрте 22-жумалык болуп төрөлгөн эгиздердин бирөөсү төрөт учурунда каза болгон. Кыска бир убакыттын ичинде эгиздердин экинчиси да чарчап калган. Ымыркайлардын сөөктөрүн баштыкка ороп ата-энесине беришкен.

Үй-бүлө наристелерди топуракка берүүгө камданып жаткан маалда баштыктын ичинде оролгон ымыркайлардын бирөөсү кыймылдаганын байкашкан. Мындан улам алар наристени дарылатуу үчүн эң жакынкы ооруканага алып барышкан. Бул үй-бүлөнүн арызынан кийин, полиция оорукана жана окуя тууралуу териштирүү иштерин баштаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!