Космосто биринчи жолу пицца бышырылды

Космосто биринчи жолу пицца бышырылды
8-Дек. 2017, Жума, 12:23

Паоло Несполи аттуу италиялык космонавт Эл аралык космос станциясында өткөргөн 4 ай убакытынын ичинде туулган жерин катуу сагынган жана сагынычын таркатуу максатында кесиптештери менен бирге пицца жасаган.

Космонавттар адамзат тарыхында биринчи жолу космосто пицца даярдаган адамдардын катарына киришти.

Космонавтар Италиянын улуттук тамагын даярдоо процессин толугу менен видеого түшүрүп алышкан. Анын курамына кирген ингредиенттерди “ХҒС” башка жүк менен бирге салонго жеткизилген. Колго тийген сыр, нан жана соустан пицца даярдалып, космонавттар аны атайы портативдүү меште бышырышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!