Калифорния тозокко айланды (видео)

Калифорния тозокко айланды (видео)
8-Дек. 2017, Жума, 16:08

Американын түштүгүндөгү Калифорния штатындагы токойдон чыккан өрт улам барган сайын чоң аймакка жайылууда.

Жергиликтүү маалымат булактардын жазган маалыматтарына караганда, өрт өчүрүү кызматы жума ичинде чыккан өрттү өчүрүү кыйынга туруп жатканын жана өрттүн жалыны бир канча жерге чейин жетээрин айтышууда. Ошондой эле бул кызмат калктан сак болууга жана кооптулук жаралса анда эң биринчи ал аймактан чыгып кетүүнү эскертүүдө.

Тилсиз жоодон улам 200гө чукул курулуш жок болгон. Баарынан көп Вентура округу жабыркап, 40 миң гектар жерди жалын каптаган. Мындан улам бүгүн бир канча унаа жүрүүчү жолдор менен мектептер убактылуу жабылган. Күчөгөн өрттөн улам 200 000 адам эвакуацияланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!