Нобелдин Тынчтык сыйлыгы ээлерин тапты

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 12:46

Нобель тынчтык сыйлыгы 10-декабрда Өзөктүк куралды жоюу боюнча эл аралык кыймылга (ICAN) жана Хиросимадагы атомдук бомбадан аман калган анын мүчөсүнө тапшырылды.

Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн салтанатка кыймылдын аткаруучу директору Беатрис Фин жана мүчөсү, Хиросимадагы атом бомбасынан аман кутулган Сецуко Тэрлоу келди.

Аткаруучу директору, Беатрис Фин Нобель боюнча лекцияда өзөктүк державаларды атомдук куралдарынан баш тартууга чакырган.

“Өзөктүк куралдын тарыхы бүтөт. Бирок ал кандай аяктайт бардыгы бизден көз каранды”,-деген.

Ал эми ICAN кыймылынын активистти 85 жаштагы Сэцуко Тэрлоу Нобель боюнча лекциясында “Мен урандыдан чыгууга, аман калууга аракет кылган сыяктуу өзөктүк куралга тыюу салууга аракеттенүү керек”,-деген.

Өзөктүк куралдын кыйраткыч күчү, адамзаттын саламаттыгы жана айлана-чөйрөгө катастрофалык зыянына көңүл бурдурууну максат кылат ICAN кыймылы 2007-жылы Австралиянын Мельбурн шаарында түзүлгөн.

Нобель сыйлыктары жыл сайын Альфред Нобель көз жумган 10-декабрда салтанат менен тапшырылып келет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!