Германия жана Швейцария калың карда калды

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 13:32

Борбордук Европада кыш ызгаары башталды. Жекшемби, 10-декабрда Германияга жааган калың кар жолдордо тыгындарды пайда кылса, тайгак көптөгөн транспорт кырсыктарына себеп болду. Катаал аба ырайынан улам Дюссельдорфтогу аэропортто 267 сапар токтотулду. Өлкөнүн метеорология кызматы мүмкүн болсо жолго чыкпоону эскертти.

Ушундай эле абалга коңшу Швейцария кабылды. Женева жана Лозан шаарлары калың карда калды. Жолдор жабылып, айрым поезд катамдары токтотулду.

Ошол эле мезгилде мындай катаал аба ырайы кыш спортун кышкы түрлөрүн сүйүүчүлүргө кубаныч тартуулады. Учурда Швейцариянын тоо лыжалары боюнча курортторунда эс алуучулардын саны өткөн жылга салыштырмалуу бир топ арбыган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!