Өрттөн улам 22 тургун эвакуацияланды

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 14:39

Калифорния штатында эки жумадан бери уланып жаткан өрткө байланыштуу Санта-Барбара округунда 22 миң тургун жашаган эки калктуу пунктта эвакуация иштери башталды. Андан тышкары Лос-Анжелес шаарынан 160 чакырым түндүк-батыштагы Карпинтерия жана Монтесито райондорунун жашоочулары үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту.

Жалын 754 турак жайды жок кылса, дагы 15 миң жай күйүп кетүү коркунучунда турат. Калифорниянын 98 миң тургуну өз үйлөрүнө кайта албай жүрөт.

Өрттүн тез таралышына катуу шамал себеп болууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!