"Иерусалим биздики экенин баары таанышы керек"

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 16:51

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Франциядагы иш сапарынан кийин Брюсселде Европа биримдигинин (ЕБ) Тышкы саясат боюнча башчысы Федерика Могерини менен жолукту.

Нетаньяху жолугушуудан соң өткөрүлгөн маалымат жыйынында АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору катары таануу чечими чындыкты таануу экендигин айтты. Ошондой эле Палестинанын дагы Израиль мамлекетин жана борбору Иерусалимди тааный турган убагы келгенин, бул тынчтыкка түрткү болорун кошумчалады.

Премьер-министр Биньямин Нетаньяху Европа биримдигинин көпчүлүк мамлекеттери Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныры күтүлүп жатканын айтты. Ал эми Могерини аймак боюнча эки мамлекеттин чечими зарыл экенин, Иерусалимдин Израилдин да, Палестинанын да борбору катары таанылышы жалгыз гана жакшы чечим болорун белгиледи.

Байыркы шаардын мындай статусу боюнча сөздөр өткөн жумада АКШнын президенти Дональд Трамптын Американын элчилигин ал жакка көчүргөндөн башталган.

АКШнын президентинин мындай кадамы араб өлкөлөрүнүн каршылыктарына, толкундоолоруна себеп болду. Ал эми палестиналыктар Чыгыш Иерусалим келечекте көз карандысыз Палестинанын борбору болорун билдирип келишет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!