Аравияда алгачкы кинотеатрлар ачылат

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 18:02

Сауд Арабияда алгачкы кинотеатрлар 2018-жылдын март айында ачыларын Королдуктун Маданият жана маалымат министри Аввад аль-Аввад билдирген.

“Аудиовизуалдык медиа боюнча генералдык комиссия кинотеатрларга лицензия берүү процессин баштады. Биринчилери 2018-жылдын март айында ачыларын болжоп жатабыз. Бул экономикалык өсүшкө салым кошот”,-деген аталган комиссиянын башында турган министр.

Сауд Аравияда кинотеатрларга тыюлар 1980-жылдын башында киргизилген.

Эркектер менен аялдарды өзүнчө бөлүп караган эскичил саясаттан баш тартуу максатында өлкөнүн 2030-жылга чейинки экономикалык программасында оюн-зоок сегментине олуттуу көңүл буруу каралган.

Күтүлүп жаткандай эле 2030-жылы королдукта кинотеатрлардын 300дөн ашык тармагы иш алып барат. Анда 2 миңден ашык экрандар көптөгөн көрүүчүлөргө тасмаларды тартуулайт.

Көп мезгилден бери бул жылы королдукта белгилүү араб жана эл аралык поп жылдыздардын катышуусунда концерт өткөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!