Трамп Айга барууга буйрук берди

12-Дек. 2017, Шейшемби, 12:37

АКШнын президенти Дональд Трамп америкалыктарды Айды изилдөөгө багыттаган буйрукка кол койду.

“Мен кол коюп жаткан документ америкалык космостук программаны өнүктүрүүгө, ааламды адамдардын изилдөөсүнө, ачылыш жасоосуна багыт берет. Ошондой эле 1972-жылдан берки америкалык астронавттардын Айга кайтуусуна шарт түзүп жатканы менен баалуу”,-деди өлкө башчысы.

1972-жылы 11-декабрда Айдын бетине Американын “Аполлон-17” космостук кемеси конгон.

Буга чейин Ак үй АКШнын космонавтары келечекте Айга учаарын, андан соң Марска барарын билдирген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!