Катаал аба ырайы Европаны жабыркатты

12-Дек. 2017, Шейшемби, 15:02

Кыш ызгаарынан улам Франциянын түндүгүндө транспорттук каттамдар үзгүлтүккө учурады. Дүйшөмбү, 11-декабрда өлкөнүн 32 департаментинде “сары” түс же эскертүүнүн жогорку деңгээлдеги түрү берилди. Шамалдын ылдамдыгы саатына 150 чакырымга жеткендиктен айрым аймактарда электр тогу өчкөн. Альпы тоолорунда көчкү жүрүү коркунучу жогору.

Кардын калыңдыгы 10 сантиметрге жеткен Бельгияда жол тыгынында калган унаалардын кезеги 1,2 миң чакырымга жетти. Эл аралык аба майдандарында каттамдар токтогон.

Нидерландарда жүздөгөн аба каттамдар токтотулса, Эйндховен Аэропортту толугу менен жабылган.

Бийлик жарандарга жакында кардын калыңдыгы 30 сантиметрге жетерин эскертип, үйдөн чыкпоону сунуштады.

Жолдордун тайгагынан улам Британиянын Бирменгем шаарында мектептери убактылуу жабылды. Ал эми бүтүндөй Англияда жүздөгөн билим берүүчү жайлар ишин токтотту.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!