Газ түтүгүндөгү жарылуудан 60 адам жаракат алды

12-Дек. 2017, Шейшемби, 16:13

Бүгүн, 12-декабрда Австриядагы Вайден-ан-дер-Марх коммунасында газ таратуучу станция жарылды.

Жергиликтүү бийлик андан пайда болгон өрттөн 60 адам жабыркаганын билдирген. Окуя богон аймакта өрт өчүрүүчүлөрдүн тобу иш алып барууда.

Баумгартен газ терминалы Норвегиядан жана Россиядан келген көгүлтүр отту таратуучу башкы борбор болуп саналат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!