Балаты сатып байып жатышат

12-Дек. 2017, Шейшемби, 16:57

АКШда бир нече жыл мурдагы “токой ханышасын” отургузуу токтотулганына байланыштуу учурда балатылардын олуттуу тартыштыгы байкалууда.

Рождество жана Жаңы жылдык майрамдын башкы атрибуту болгон балаты Американын айрым штаттарында дыйкандар сатуу максатында өстүрүп келишкен. Бирок бир нече жыл мурда карагайдын мындай түрүн өстүрүү кыскаргандыктан учурда аларды баасы өскөн.

Балаты баштаган майрамдык акссесуарларды саткан Роки Броман аттуу соодагердин айтымында сегиз жыл мурда экономикалык кризис жана ага байланышкан депрессиядан улам көптөгөн америкалыктар Жаңы жылга балаты сатып алуудан баш тартышкан. “Суроо-талап аз экенин байкаган дыйкандар жылдан жылга балатыны аз отургуза баштаган. Ошол чечимдеринин кесепеттерин эми тартып жатышат. Мына майрам кирип келди. Ал эми балатылар аз. Менимче мындай абал 2025-жылга чейин уланат”,-деген Роки. Ошондой эле ал “токой ханышасынын” баасы 80 доллардан жогору экенин, соода учурда ийгиликтүү жүрүп жатканын айтты.

“Бизге товарын эч ким карызга бербейт. Эгерде фермерлердин өздөрүнөн ала турган болсок, акчасын алдына ала төлөйбүз. Бул абалдан чыгууну бир гана жолу жасалма балаты сатып алуу”,-деген соодагер бул эч айла табылбай калгандагы кадам экенин кошумчалады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!