Орус аскерлери Сириядан чыгарылды

12-Дек. 2017, Шейшемби, 17:25

Россиянын президенти Владимир Путиндин Сириядагы орус аскерлерин артка кайтаруу тапшырмасынан кийин аскердик кошуундун бир бөлүгү өз өлкөсүнө жеткенин Коргоо министр Сергей Шойгу билдирди.

Сириядан чыгарылган аскерлердин алгачкылары Россиядагы базаларга келгенин белгилеген министр бул процесс канчага чейин уланат деген суроого “Абалга байланыштуу” деп жооп берди.

11-декабрдагы Владимир Путиндин Сирияга болгон күтүүсүз сапарында аскерлерин өз өлкөсүнө кайтаруу тапшырмасы берилгени айткан. Бирок Россия күчтөрү Сириядагы Хмеймим жана Тартус аскердик базасында туруктуу болорун, башкача айткандардан бул жактагылар толук кетпей тургандыгын кошумчалаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!