Россия Йеменден жарандарын алып кетти

13-Дек. 2017, Шаршемби, 13:43

Россия Йемендеги элчилигинин кызматкерлерин, шаардагы жарандарын чыгарып кетти.

Сауд Арабиянын расмий “SPA” агенттиги жазган кабарга караганда Россия Йемендеги Сауд Арабия лидерлигиндеги коалиция күчтөрү менен координациялуу түрдө иш жүргүзүп, элчиликтеги кызматкерлерин, Сана шаарында жашаган жарандарын чыгарып кетти. Россия учактары жарандарын Сана аэропортунан алып кеткени белгилүү болду.

Кептөөр дарты күч алды

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) Йеменде кептөөр дартынан көз жумгандардын саны 34кө жеткенин, ал оору менен 283 тургун ооруканага жаткырылганын кабарлады.

Сауд Арабиянын лидерлигиндеги коалиция күчтөрү менен хуситтердин ортосунда 3 жылдан бери уланып жаткан жаңжалдарга кабылган Йемен эми кептөөр, ич келте дарттары менен күрөшүүдө.

ДСУнун маалыматы боюнча холера катталган 27-апрелден ушул мезгилге чейин өлкөдө бул оорудан 2 миң 219 киши көз жумган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!