Баланын жүрөгүн калыбына келтиришти

14-Дек. 2017, Бейшемби, 13:00

Жүрөгү сыртында төрөлгөн бала экинчи туулган күнүн белгилеп жатат. Жаңы жашоону ага британиялык дарыгерлер белек кылышты. Бул Бириккен королдуктагы ийгиликтүү аяктаган алгачкы операция болду.

Дарегерлер үч жума мурда төрөлгөн Вэнеллоп Хоуп Вилкинстин жүрөгүн бир нече операциядан кийин көкүрөк клеткасына жайгаштырууга жетишти. Медиктер мындай ийгиликтерди өздөрү да күткөн эмес.

Баланын ата-энесинин айтымында бул укмуштуудай учур болду. “Бул таң калычтуу. Балабыздын жаңы төрөлгөнүн жана азыркы учурун көрсөңөр. Дарыгерлер кандай гана ишти аткарышты. Бул чындыгында сыйкыр сыяктуу болду”,-деген.

Жүрөк эктопиясы – эң сейрек кездешкен аномалия. Ал миллион баланын ичинен бирөөндө гана кездешет. Он балада андай көрүнүш болсо, анын тогузу энесинин ичинен же төрөлгөндүн эртеси көз жумат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!