Профессордун “эгиз роботу” лекция окуду

15-Дек. 2017, Жума, 12:17

“Гименоиддерди” түзгөн окумуштуу роботтордон коркпоону өтүндү. Анткени анын ордуна өзү түзгөн “эгизи” лекция окуй баштады. Ал окуп эле тим болбостон, өзү да окуганга жөндөмдүү.

Япониялык окумуштуу Хироши Ишигуро андроиддердин сериясы же адамга окшош робот менен тааныштырды. Ал аны гименоиддер деп атаса, аны латын тилинен которгондо эгиздер деген сөздү билдирет.

Робот – профессордун дал өзү. “Бул робот кадимки адам сыяктуу”,-деген Ишигуро эң негизгиси сырткы көрүнүш эмес, интеллектке маани берүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле профессор лекцияларын окууда өзүнө орун басар тапканына бактылуу экенин кошумчалаган. Мындан бир нече жыл мурда британиялык окумуштуулар кылымдын ортосунда машиналар адамдардын ордун басарын, алардын жарым жумушун аларын айтышкан.

Робот - бул мотор жана баскычтар менен башкарылып, иштеген компьютер. Башка айтканда компьютердин эле башкача түрү. Андан улам окумуштуу “Биз компьютерлерге көнгөнбүз. Эми роботторго да көнүшүбүз керек. Социалдык тармактар аркылуу өсүп келе жаткан жаңы муун роботторго жандуу достой мамиле кыларынан күмөн санабайм”,-деген профессор.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!