21-кылымдагы эң чоң соода

15-Дек. 2017, Жума, 13:56

Руперт Мёрдок голливуддук “21st Century Fox” киностудия менен коштошууда.

“Walt Disney” компаниясы “21st Century Fox” холдингинин активдеринин ири бөлүгүн сатып алганын жарыялады. Баасы 52 миллиард доллардан ашат.

“Fox жана “Walt Disney” компанияларынын көрүүчүлөрүнүн биригүүсү чоң сапардын башталышы болот”,-деди аткаруучу директор Роберт Айгер. “Бул географиялык алкактын кеңейишине алып келет. Ошондой эле көрүүчүлөр үчүн алдыңкы технологияны пайдаланууга жарадам берет”,-деди жетекчи.

Эксперттер жакында аталган ишканалар “Netflix” жана “Amazon” компаниялары менен атаандаштыкта болорун болжолдоодо. Анткени “Walt Disney” Fox менен бирге онлайн-видеодогу гигант “Hulu” платформасын да алган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!