Жол кырсыгынан 4 окуучу көз жумду

15-Дек. 2017, Жума, 15:01

Францияда окуучуларды ташыган автобус менен электричка кагылышты. Кырсыктан төрт өспүрүм көз жумса, он алтысы жаракат алды. Алардын он бири оор абалда. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Окуя 14-декабрда өлкөнүн түштүгүндөгү Мийяс шаарындагы темир жол өтмөгүндө болгон. Автобуста 13төн 17 жашка чейинки өспүрүмдөр кетип бара жаткан.

Жол кырсыгы болгон жерге дароо Франциянын премьер-министри Эдуар Филипп келип, абал менен таанышты. Ал эми өлкөнүн президенти Эммануэль Макрон Твиттердеги баракчасына “Оюмдун бардыгы бул коркунучтуу кырсыктын курмандыктары жана алардын үй-бүлөсүндө болуп жатат”,-деп жазган.

Болжолдуу маалыматтарга караганда өтмөктүн белгиси туура эле иштеп жаткан. Буга чейин бул жерде мындай учур катталган эмес. Автобустун айдоочусу жана поездин машинисти аман калган. Учурда аларды полиция суракка алып жатат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!