Россияда шайлоо өтө турган күн белгиленди

15-Дек. 2017, Жума, 16:48

Россияда президенттик шайлоо 2018-жылдын 18-мартында өтө турган болду. Өлкөнүн парламентинин Жогорку палатасы Федерация кеңешинде бул чечим бир добуштан кабыл алынды.

Федерация кеңешинин токтому жарыялангандан кийин 18-декабрдан баштап күчүнө кирет. Ал күндөн баштап шайлоо алдындагы өнөктүктөр башталат.

Учурдагы президент Владимир Путин бир жума мурда Россиянын келечеги боюнча көз караштары саясий күчтөрдүн колдоосуна ээ болорунан үмүттөнөрүн айткан.

Ошол эле мезгилде шайлоого катышууга ниеттери тууралуу Жириновский, Явлинский, Собчак, бизнес-омбудсмен Титов, оппозициячыл Навальный жана башкалар билдирди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!