Көк тиреген имараттар рекорд койду

15-Дек. 2017, Жума, 17:06

2017-жылы 200 метр же андан да бийик 144 имарат курулса, алардын 77си Кытайда жайгашкан.

Бийик имарат жана Шаарга жайгашуу кеңешинин (Council of Tall Buildings and Urban Habitat/CTBUH) билдирүүсүнө караганда бул көрсөткүч 2016-жылга караганда 13 пайызга көп.

2017-жылы курулган мунаралардын жарымынан көбү Кытайда жайгашкан. Өткөн жылы тизменин башында турган бул мамлекеттин 36 шаарында көк тиреген 77 имарат курулган. Андай шаарлардын башында Шэньчжэнь турат.

Аталган шаардагы бул жылы курулган “Ping An Finans” борборунун бийиктиги 599 метрге жетип, дүйнөдө 4-орунда турат.

Тизмеде кийинки орунга 7 бийик имараты менен дале Кытайда Наньнин шаары кирди. Кийинки саптарга Индонезия, Түндүк Корея, АКШ, Канада мамлекеттериндеги шаарлар илинди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!