Мумия зыяндуу шишик менен ооруган (видео)

16-Дек. 2017, Ишемби, 13:35

АКШнын окумуштуулары эзелки мысырлык мумиядан зыяндуу шишик табышты. Хен аттуу мумия 1894-жылы Казеновия китапканасына жайгаштырылган.

2006-жылга чейин окумуштуулар Мысырдын ханшасынын мумиясы деп келишкен, бирок бул маалыматты жокко чыгарышты. Изилдөөчүлөр өлүмдүн эмне себептен келип чыкканына да кызыгышкан.

Мумияга болжол менен 2 миң жыл болгон. Нью-Йорк ооруканасынын окумуштуулары мумияны компьютерлик томографиядан өткөрүп, бутунан зыяндуу шишикти табышкан. Бул сейрек кездешүүчү шишик болуп чыкты. Окумуштуулар ошондой эле бул мумияга операция жасалганын жана бул операциядан улам кайтыш болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!