Аэропортто миңдеген каттамдар токтоду

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:47

Дүйнөдөгү ири Атланта аэропортунда жекшемби, 17-декабрда өрттөн улам 1,1 миң каттам токтогон. Андан тышкары жүргүнчүлөр эвакуацияланган. Энергетиктер түн жарымына чейин электр жабдыктарын калыбына келтирүүгө аракеттенишкен.

“Flightradar24” кызматынын маалыматына караганда аба майданында 456 каттам жана 696 конуулар токтогон.

Болжолдуу маалыматтарга караганда өрт жер астында жайгашкан электр жабдыктарына олуттуу зыян келтирген. Жалын тез эле өчүрүлгөнү менен көмөк чордондордун ишинде үзгүлтүк болгон.

Жорджия штатындагы дүйнөдөгү эң ири Эл аралык Атланта аэропортунда 2016-жылдагы жыйынтык боюнча жүргүнчүлөрдүн агымы 104 миллионго жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!