Каддафинин уулу президенттикке ат салышат

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 12:13

Ливиянын экс-президенти Муаммар Каддафинин 44 жаштагы уулу Сейф аль-Ислам Каддафи президенттике талапкерлигин коет. Добуш берүү 2018-жылдын ортосунда болору болжолдонууда.

Каддафинин уулу Ливиянын коомчулугу менен байланышта. Жалпы өнүгүү программаларын түзүүдө өлкөнүн коомдук ишмерлери, уруу башчылары менен кеңешип жүргөн.

Каддафинин улуу баласы Сейф аль-Ислам Муаммарды атасы мураскери катары эсептеп келген.

Ливияны 1969-жылдан бери башкарган экс-президент Муаммар Каддафи 2011-жылдын октябрь айында козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!