Чынгыз хандын сүрөтүн тебелеп балээге калды

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 13:32

Кытайдын Автономиялуу Ички Монголия аймагынын тургуну император Чынгыз Хандын сүрөтүн тебелегени жана бул жосунун видеосун таратканы үчүн 1 жылга камалды.

Сот Луо деген фамилиясындагы 19 жаштагы адамды “этникалык жек көрүүнү күчөтүү” беренеси менен айыптады.

Өкүм учурунда ал кечирим сураган. Бирок “Kuaishou” жана “WeChat” чаттарында досторуна бөлүшкөн видео аймакта бейкутсуздукка жол ачканы белгиленди.

Чынгыз хан Кытайда жашаган монголдор арасында урмат сыйга ээ.

1206-жылы монголдордун лидери болгон Чынгыз хан 13-кылымда Түндүк чыгыш Азияда чоң императорлукту түзгөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!