АКШ Россияга кол салууну алдына алды

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 15:26

Россиянын Санкт-Петербург шаарына кол салуу аракетин Американын Борбордук чалгын кызматы (ЦРУ) алдына алгандыгы белгилүу болду.

Ак сарай жана Кремлдин билдиргенине караганда Россиянын президенти Владимир Путин АКШны президентине телефон аркылуу бул маалымат үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Путин америкалык кесиптеши менен сүйлөшүүсүндө Россиянын Коопсуздук кызматы АКШга карата кандайдыр бир террордук коркунучтарды байкаса маалымат берерин баса белгиледи.

Ишемби, 16-декабрга болжолдонгон кол салуунун бутасы Санк-Петербург шаарындагы эл көп топтолгон жайлар болгону белгилүү болду.

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) шектүү жети адам кармалганын, алардан көп сандаган жардыргыч, курал жана китепчелер колго түшүрүлгөнүн кошумчалады.

Эске сала кетсек, апрель айында Сенкт-Петербург шаарында болгон жардырууда 13 адам көз жумган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!