Үч миң метрлик кесме Гиннеске кирди (видео)

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 15:48

Кытайдын Хэнань провинциясындагы азык-түлүк чыгарган компаниянын кызматкерлери узундугу 3 миң 084 метрден ашык кесме жасады.

Бул эмгек Гиннестин рекорддор китебине кирген. Аталган жыйнактын атайын өкүлү Жон Гарланд 17 саатка созулган ишке өзү көз салган.

Ал эми аны узундугун аныктоого үч саат убакыт керектелген. Талапка ылайык кесмеде эч кандай уланган жерлер болбош керек эле.

Гигант тамакты жасоого 40 килограм ун, 26,8 литр суу жана 0,6 килограм туз керектелген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!