Калктын чейрек миллиарды - мигрант

20-Дек. 2017, Шаршемби, 13:00

БУУнун маалыматына караганда 17 жылда эл аралык мигранттардын саны 49 пайызга өскөн.

Чейрек миллиард адам же планетанын калкынын 3,4 пайызы учурда эл аралык мигранттар болуп эсептелет. Мындай маалымат БУУнун Экономикалык жана социалдык суроолор боюнча департаментинин баяндамасында жазылган. Документ 18-декабрдагы Эл аралык мигранттар күнүнө арналган.

“Мигрант” деген түшүнүк кеңири мааниде колдонулат. Бул сөз мыйзамсыз жумушчулар, качкындар жана куралдуу жаңжалдардын курмандыктарына тиешелүү. Ошол эле мезгилде үй-бүлөлүк жана кесиптик шарттарына байланыштуу башка өлкөгө көчүп кеткендерге карата айтылат.

Алардын көптөрү Индия жана Мексикадан кетип, АКШны көксөшөт. Кийинки орундарда Россия жана башка мамлекеттер турат.

Мигранттардын саны акыркы 17 жылда 49 пайызга өскөн. Баяндаманын автору буга куралдуу жаңжалдарды эле жүйө келтирген эмес. Алар миграциянын жакшы жагы катары өлкөлөрдөгү жашоонун деңгээлин, глобалдашууну жана дүйнөнүн башка жерлерине жайгашууга элдин аң-сезиминин өскөнүн баса белгилеген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!