Канча журналист темир тор артына жөнөтүлдү?

20-Дек. 2017, Шаршемби, 13:55

Чек арасыз репортерлордун 2017-жылдагы статистикасына ылайык маалымат каражаттарынын 65 кызматкери көз жумган. Андан тышкары 326сы темир тор артына жөнөтүлгөн.

Эл аралык Чек арасыз репортерлор уюму мындай кайгылуу статистиканы жыл сайын жарыялайт. Бул жолу көрсөткүч 65ке жетсе, алардын 39у атайылап өлтүрүлгөн. Ал эми 26сы жаңжалдар кызуу жүрүп жаткан аймакта көз жумган. Мисалы швейцариялык Вероник Робер Мосулда мина жарылганда оператор жана котормочусу менен көз жумган.

Бул жылы журналисттер үчүн кооптуу болгон Сирияда 12 кесиптешинен айрылды. Экинчи орунду аскердик жаңжалдардан алыс болгон Мексика алып, ал жакта ММКнын 11 кызматкери көз жумду. Афганистан жана Иракта 9 жана 8 журналист өмүрүнөн айрылган.

Андан тышкары ММКнын 326 өкүлү кесиптик ишмердиктерине байланыштуу камалган. Бул жагынан 52 журналисти абакка кетирген Кытай алдыда турат.

Чек арасыз репортерлор “Кесипкөй журналисттер үчүн абак” деп атаган Түркия кийинки орунду алды. Бул мамлекетте жергиликтүү эле эмес, чет элдик журналисттер да камакка алынган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!