Министрлердин көбү миллионерлер

20-Дек. 2017, Шаршемби, 17:27

Франция өкмөтүнүн 12 өкүлүнүн 1 миллион еврого жакын байлыгы бар экендигин “France3” телеканалы кабарлады.

Эмгек министри Мюрьель Пенико өкмөткө “HR Groupe Danone” компаниясынын карьерасынан кийин келген. Анын байлыгы 8 миллион евро.

Экинчи орунда мурдагы журналист жана теле алып баруучу, Экология министри Николя Юло турат. Анын каржылык абалы 7 миллион евро.

Маданият министри Франсуаза Ниссендин 5 миллион евросу бар. Ал атасы негиздеген компанияларды башкарган.

Францияда жарандык коом аткаминерлердин жана мамлекеттик кызматкерлердин абалына катуу көңүл бурат. Ага байларга болгон салыкты азайткан майзамдардагы өзгөртүүлөр, кирешелер тууралуу декларация толтуруудагы каталар себеп болгон.

Ошол эле мезгилде эли өлкө башчысы Эммануэль Макронду байларды колдогону үчүн айыптап келет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!