Түндүк Кореялык аскер Түштүк Кореяга качты

21-Дек. 2017, Бейшемби, 15:48

Түндүк Кореядан качкан аскер таңкы сааттарда күзөттөгү аймактан өтүп, Түштүк Кореяга качты.

Түштүк Корея армиясынан келген билдирүүгө караганда жергиликтү саат 08.00дө чек арадан өткөн.

Бул жылда Түндүк Кореядан Түштүк Кореяга качкан төртүнчү аскер болду.

Жылда 1000 адам качат

Түндүктөн жылыны 1000дей адам Түштүккө келет. Алардын азы гана күзөттөгү аймактан өтүүгө аракеттенишет. Күзөттөгү жерлер дүйнөдө өтө тыкыр көзөмөлдөнгөн аймактардын бири. Жээктери зым тосмолор, камералар, ток уланган зымдар жана миналар төшөлгөн. Бул жерлерден өтүү оор болгондуктан Түндүк Кореядан качкандардын көбү Түштүк Кореяга Кытай аркылуу келет.

Сеул өкмөтүнүн билдиргенине караганда 1953-жылдан бери 30 миңде ашык Түндүк Корея жараны Түштүк Кореяга качкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!