Үч жүздөй жүргүнчүсү бар кеме чөктү

21-Дек. 2017, Бейшемби, 16:18

Филиппиндердин Кесон провинциясына жакын жерде 251 жүргүнчүсү менен кеме чөктү.

“Gma News Online” порталынын маалыматына караганда кырсыкка катуу толкун себеп болгон.

Окуя болгон жерде куткаруучулар иш алып барууда жана бир нече жүргүнчүнү куткарууга жетишти.

Көз жумгандар тууралуу ача пикирлер айтылгандыктан так саны тууралуу маалыматтар бериле элек.

“Курмандыктар бар экени болжолдонууда. Бул боюнча маалыматтарды иликтеп жатабыз”,-деген жээктеги күзөт кызматы.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!