Фитнес борбордо 29 адам көз жумду

22-Дек. 2017, Жума, 11:58

Түштүк Кореянын Чечхон шаарындагы өрттөн 29 адам көз жумду. Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында көз жумгандардын көбү комплекcтин экинчи кабатынан чыга албай калышкан. Ири фитнес борбор толугу менен күйдү. Аны өчүрүү таңга чейин уланган.

Жабыркагандардын 26сы ооруканага жеткирилген. Ал эки жүзгө жакыны имараттын чатырына чыккандан улам аларды куткарууга жетишкен.

Трагедияга жер төлөдөгү кардардын унаасынан чыккан өрт себеп болгон. Жалын жогорку кабаттарга тездик менен тараган.

Куткаруу жана иликтөө иштерин Түштүк Кореянын премьер-министри өз көзөмөлүнө алды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!