Эң узун айнек көпүрө 2 миң адамды көтөрөт

22-Дек. 2017, Жума, 12:44

Кытайдын Хэбэй провинциясы дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө курулду. Узундугу 488 метр болсо, туурасы 2 метрге жетет.

Конструкциясы калыңдыгы төрт сантиметр болгон жалтырак айнектен даярдалган 1 077 панелден турат. Көпүрө Шицзячжуан шаарына жакынкы Хунъягу живопистик районунда жайгашкан жана бийик жарлардын ортосун бириктирет.

Өзгөчө объекти бир жарым жылда курулган. Бир эле мезгилде эки миң адамды көтөрө алат.

Буга чейинки рекордго киргизилген көпүрө да Кытайда жайгашкан. Узундугу 430 метр, туурасы 6 метрге жеткен курулуш жерден 300 метр бийиктикте жайгашкан. Ага үч катмарлуу өтө чыдамдуу айнек панели пайдаланылган жана бир убакта 600 адамды көтөрөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!