Каталония: эгемендикти жактагандар жеңди

22-Дек. 2017, Жума, 14:38

Аталган автономдук аймактын 135 мүчөдөн турган парламентине депутаттарды шайлоодо жикчил маанайдагы партиялар жеңишке жетти.

Мындай жыйынтык эгемендик референдуму менен башталып, айрым саясатчылардын камалышы менен уланган кризиске айла боло алган жок.

Кечки сааттарда чыккан жыйынтыкка караганда көз карандысыздыкты жактаган "Каталония үчүн бирге" (JxCat) (34 депутат) "Каталониянын Республикачыл солчулдары" (ERC) (32) жана "Элдик союз" (CUP) (4) партиялары парламенттеги 135 мандаттын жетимишин утуп алган. Алар эми өкмөт кура алышат.

Эгемендикти бир тараптуу жарыялаганы үчүн камакка алынганы жаткан "Каталония үчүн бирге" коалициясынын лидери, аймактык өкмөттүн мурдагы жетекчиси Карлес Пучдемонго кайрадан жетекчиликке жол ачылды. Анын Белгиядан Испанияга качан кайтары азырынча белгисиз.

Шайлоо кризисти чече алган жок

Мындай жыйынтык автономдук аймактагы кризисти жөнгө салууга айла боло алган жок. Андан да жалпы өлкөнүн экономикасына жана саясатына терс таасир этери болжолдонууда.

1-октябрдагы референдумдан кийин Каталонияда 3 миңден ашык ишкана борбордук кеңселерин башка шаарларга көчүргөн. Андан улам 2 миң 587 адам жумушсуз калган.

Туристтердин саны 20 пайыз төмөндөгөн аймактын эгемендикти эңсегени 2018-жылдагы экономикасын 6 миллиард евро чыгымга учуратканы турат. Ошол эле мезгилде мындай туруксуздук уланса Испаниянын экономикасындагы өсүш төмөндөрү белгилүү.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!