Францияда “сүт” жаңжалы тереңдеди

22-Дек. 2017, Жума, 16:21

Бейшемби, 21-декабрда Франциядагы сүт азыктарын өндүргөн “Лакталис” (Lactalis) компаниясы өлкөдөгү жана башка мамлекеттериндеги азыктарынын 720 партиясын артка алдырды. Бул кадам сальмонелла бактериясы менен түшүндүргөн.

Франциянын Краон коммунасында сүт заводунда чыгарылган азык боюнча 30га жакын өлкөдөн пикир айтылган.

“Биз коопсуздук жана профилактикалык чараларды көрүшүбүз керек”,-деген париждик фармацевт Дебор Коен.

Акыркы эки жумадан бери Францияда балдар сальмонеллез менен жабыркады. Андан улам компания продукцияларынын 625 партиясын алдырып алган.

“Лакталис” компаниясы балдардын азыгын 100дөн ашык мамлекетке жиберет. Бул жагынан аталган ишкана дүйнөдө үчүнчү орунда турат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!