Германия: Коалиция түзүү кийинки жылга калды

22-Дек. 2017, Жума, 17:28

Жалпы шайлоонун өткөнүнө 89 күн болгону менен эмдигиче коалиция өкмөтү түзүлбөй келет. Анткен менен Христиан биримдик партиясы менен Социал демократ партиясы бул боюнча сүйлөшүүлөрдү 2018-жылдын 7-12-январда жүргүзүүнү макулдашты.

Христиан биримдик партиясынын төрайымы жана канцлер Ангела Меркель, Христиан Социал демократ партиясынын төрагасы Хорст Сеехофер жана Социал-демократ партиясынын лидери Мартин Шульц бирдей сандагы делегация түзөт. Анын мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөн жыйындарда 15 тема талкууланат. Биринчи кезекте салык турат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!