Мейманканада камалгандардын 20сы бошотулду

25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:55

Алардын арасында мурдагы Каржы министри жана “Saudi Aramco” мунай компаниясынын жетекчилеринин бири Ибрагим Абдель Азиз аль-Ассаф бар.

Сауд Арабия бийлиги ноябрда паракорчулукка шектелип камалгандардын 20сын бошотту.

Алардын арасында алдамчылык менен айыпталып мурдагы Каржы министри жана “Saudi Aramco” мунай компаниясынын жетекчилеринин бири Ибрагим Абдель Азиз аль-Ассаф бар. Ошондой эле камактан чыгарылгандардын катарында принц Турки бен Халид жүрөт.

Эске сала кетсек, 5-ноябрда түнү королдуктун үй-бүлөсүнүн ондогон мүчөлөрү, мамлекеттик кызматкерлер жана ишкерлер камалган. Жалпысынан каржылык жана кызматтык кылмыштарга айыпталган 200дөй адам суракка алынган. Күнөөкөрлөрдүн 95 пайызы кылгандарын мойнуна алып, бошонуу үчүн өз активдеринин бир канчасын бийликке өткөрүп берген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!