БУУнун бюджети 5,4 миллиард доллар

25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 12:23

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы дүйнөлүк уюмдун эки жылдык бюджетин кабыл алды. “Росбальт” агенттигиндеги маалыматка караганда ал 5,395 миллиард доларды түзөт. Башында уюм өз керектөөлөрүнө 5,4 миллиард доллар сураган.

БУУнун регулярдуу бюджети 193 мүчө мамлекеттин мүчөлүк акыларынын эсебинен түзүлөт. Анын өлчөмү өлкөнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө жараша. Көп бөлүгүн АКШ бөлүүсү салтка айланып, жогорудагы сумманын 22 пайызын түзөт.

БУУну каржылоо жагынан Япония жана Кытай 9,6 жана 7,9 пайыз менен лидерлик орунда турат. Ал эми Россия уюмдун бюджетинин 3 пайызын берет.

Буга чейин Америка бийлиги 2018-2019-жылга карата уюмдун бюджетин 250 миллион долларга кыскартууну сунуштаган.


Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!