Электрге 284 миллиард доллар карыз болду

25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 13:28

АКШнын Пенсильвания штатынын тургуну Мэри Хоромански 284 миллиард долларга электр тогун пайдаланганы жазылган дүмүрчөк келген. “Business Insider” порталынын эсеби боюнча бул сумма АКШдагы ири “Walmart” компаниясынын бюджетинен ашат.

“Fox News” телеканалынын кабарлаганына караганда америкалык аял энергетика компаниясы жиберген дүмүрчөктү көргөндө эстен тана жаздаган.

“Колубузда болгонун сатканда бул сумманы төлөгөнгө бизге 100 жыл керектелет”,-деген Хоромански.

Анын уулу энергетикалык компанияга тактоо максатында телефон чалганында эсепте ката бар экенин мойнуна алган. Аны оңдогондон кийин Хоромански компанияга 284 доллар карыз болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!