Балатыга Аяз ата эмес оппозиция келди

25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 16:14

Белградда орнотулган жасалма балаты шаардын бюджетине 83 миң евро оорчулук келтирди. Андан да мэрия балатыга Аяз атанын ордуна козголоңчулар келерин күткөн эмес.

Тургундардын нааразычылыгын жараткан маалымат антикоррупциялык "Пишталка" веб-сайтына жарыяланды. Анда журналисттер бул үчүн оппозиция шаар бийлигин паракорчулукка айыптап жатканын жазган.

Демократиялык партиянын башчысы Балша Божович “Бул дүйнөдөгү эң кымбат желим балаты. Белграддыктар тарыхында мындай шылдыңды көргөн эмес”,-деп жазган.

Шаар тургуну Миша Живкович “Баасы укмуштуудай кымбат. Буга ишене албай турам. Алар ушунчалык уятсыздар”,-деген.

Белграддын мэри Синиша Мали балатынын баасы боюнча эч нерсе билбегенин айттып, шаардыктарды сооротууга киришти. Ал эми оппозиция расмий териштирүү иштерин талап кылууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!