Уй уурдагандар өлтүрүлөт

25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 17:02

Индиянын Ражастан штатында ачууланган эл уй уурдап бара жаткан адамды өлтүрүп кое жаздады.

Жергиликтүү маалымат каражаттарында кабарларда өлкөнүн Пакистан менен чектешкен аймагында жайгашкан аймакта полиция 8 уй салынган, төрт адам түшкөн жүк ташуучу унааны көзөмөл пунктунан токтоткон.

Полициянын тсмосунан өтүп, качууга аракет кылган ууруларды айылдыктар токтоткон. Унаадагы үч адам качып кетүүгө үлгүргөнү менен бирөө айылдыктардын колуна түшкөн. Ачууга алдырган топтошкон эл аны өлтүрүп кое жаздаган.

Полиция ортого түшүп аман калган ууру камакка алынды.

Окуяга байланыштуу аймакка келген Индия Элдик партиясынын депутаты Гиан Дев Ахаджа элге кайрылуусунда “Уйлар биздин энебиз. Эгер аларды уурдасаңар, сойсоңор өлтүрүлөсүңөр”,-деген.

Апрель айында Жаңы Дели, Жаипур жолунда уй салып бара жаткан адам калк тарабынан ур-тепкиге алынып өлтүрүлгөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!