Астанада Жаңы жылдык балаты өрттөндү (видео)

25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 18:36

Астананын борбордук паркындагы жаңы жылдык балаты өрттөнгөн. Бул туурасында өлкөнүн ИИМнин Өзгөчө кырдаалдар комитетинин өкүлү Руслан Иманкулов билдирген.

“Бүгүн 25-декабрда саат 06:19да Туран көчөсүндөгү балаты күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт өчүрүүчү бөлүк барганда жасалма балаты күйүп жаткан. Өрт жайыла электе 06:38де өчүрүүгө жетишкен”,-деп кабарлаган Руслан Иманкулов.

Ал өрттү өчүрүүгө эки унаа жана шрт өчүрүүчүлөрдүн жеке курамы тартылганын айтты. “Өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда. Жабыркагандар жок”,-деген Иманкулов Өзгөчө кырдаалдар комитетинде тургундарга электр түзүмдөрүн колдонууда коопсуздук эрежелерине көңүл буруу эскертилгенин кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!